COVID-19: Бир жумада өлкөдө 119 учур катталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда бир жумада, 29-августтан 4-сентябрга чейин, COVID-19дун 119 учуру катталган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

102 адам амбулатордук дарыланууда, 17 бейтап – ооруканага жаткырылган.

29.08.2022-жыл – 04.09.2022-жыл аралыгында тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан COVID-19дун 205 835 учуру катталган, ооруга чалдыгуу 100 миң калкка 3110,3 учурду түзсө, адам өлүмүнүн учурлары 1,5%.

2022-жылдын 8 ай 5 күнүндө COVID-19дун 21 087 учуру катталган, анын ичинде 19 084 (90,3 %) учур лабораториялык түрдө жана 2003 учур (9,7%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты