COVID-19: Бир жумада 895 учур катталды  

  • 2 года мурун

Бир жумада, 1-7 августта, Кыргызстанда COVID-19дун 895 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Анын ичинде:

— 628 адам саламаттык сактоо уюмдарына оорунун белгилери менен кайрылышкан;

— 187 адамда COVID-19 өлкөдөн чыгуу учурунда ПЧР-тест тапшырууда аныкталган;

— 13 адам – Россия, Казакстан жана Беларустан келген мигранттар.

Амбулатордук дарыланууда — 783, ооруканага жаткырылганы – 112.  

2022-жылдын 7 ай 7 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 19 923 учуру катталса, анын ичинен 17 929 (89,9%) учуру лабораториялык түрдө жана 1994ү (10,1%) клиникалык-эпидемиологиялык аныкталгандар.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты