COVID-19: Бир жумада 77 учур катталды
- 2 года мурун
Кыргызстанда бир жумада, 26-сентябрдан 2-октябрга чейин, COVID-19дун жаңы 77 учуру катталган.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
3-октябргна карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат
Бул жылдын 34-жумасынан тарта оорунун азайышы байкалууда, 38-жумада 85 учур катталган, бул 37-жумага караганда 7 учурга көп.
2022-жылдын 9 ай 1 күнүндө COVID-19дун 21 412 учуру катталган, анын ичинде 19 405 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү