COVID-19: Бир жумада 65 кишиден аныкталды

  • 2 года мурун

17-23-октябрдын аралыгында Кыргызстанда 65 адам коронавирус жуктурду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаменти билдирди.    

 Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланууда.

Маалыматта тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык,өлкөдөгү бардык аймактар жашыл зонада экендиги белгиленди.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта үч миңдей адам оорудан көз жумган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты