COVID-19: Бир жумада 179 учур катталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда бир жумада, 22-28-августта, Covid-19дун 179 учуру катталды.

Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Катталган учурлардын ичинен 26 бейтап ооруканага жаткырылган, 153 адам амбулатордук дарыланууда.

Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.

2022-жылдын 8 ай 28 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 968 учуру катталган, анын ичинде 18967 (90,5 %) учур лабораториялык түрдө жана 2001и (9,6%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты