COVID-19: 88  учур катталды  

  • 2 года мурун

18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун 88 учуру катталган.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 81;

Жалал-Абад – 1:

Чүй облусунда — 6.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.

72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.

2 киши өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

8 учур сырттан келгендер (Корея, Литва, Венгрия)

6 адам ооруга чалдыккандар менен байланышкандар арасында аныкталган.

Амбулатордук дарыланууда — 75, ооруканада жаткандар — 13.

2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл аймакта турушат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 704 учуру катталган. 2022-жылдын 6 ай 17 күнүндө COVID-19дун 16 956 учуру катталган, анын ичинде 14 962 (88,2%) лабораториялык жана 1994 (11,8%) клиникалык-эпидемиологиялык  тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты