COVID-19: 70 учуру катталды, үч бейтап каза тапты
- 3 года мурун
26-ноябрга карата Кыргызстандагы COVID-19дун 70 учуру катталды.
Анын ичинде:
Бишкек – 27;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 8.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавирустун жалпы 183 140 учуру катталды.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 109 киши. Жалпы — 177 869.
Каза болгондор — 3, алар мурдагыдай эле эмдөө албагандар. Жалпы — 2737.
Стационарда 440 жана амбулатордук түрдө 557 адам дарыланып жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү