COVD-19: Кыргызстанда бир жумада 29 учур катталды  

  • 1 год мурун

Кыргызстанда 13-марттан 19-мартка чейин СOVID-19 инфекциясынын 29 учуру катталды.

Бул тууралуу дарттын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылды.

2023-жылдын 13-19-мартына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

2022-жылга жана 2023-жылдын 81 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 021 учуру катталды, анын ичинен 20 010 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты