Чырды иликтөө учурунда “Манас” театрынын директору кызматтан убактылуу четтетилди
- 1 месяц мурун
“Манас” улуттук театрынын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу бошотулду.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
2025-жылдын 9-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарап, жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын иликтөөсү аягына чыкканга чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу бошотулду.
Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча министрлик кошумча маалымат берерин белгиледи.
Сүрөттө: Талантбек уулу Нурбек. Маданият министрлиги тараткан сүрөт
Муну бөлүшүү




