“Чыкебиз кыргыз элин дүйнөгө таанытты. Бул жагынан да Манас экөөнүн баркы кыргызга бирдей”

Бул күндөрү Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгы белгиленип жаткан чакта, анын “Турар” басмасынан 2021-жылы чыккан “Өмүр өтөт билинбей” аттуу повесть-эссесинен үзүндүлөрдү келтирели. Бексултан Жакиев бул китебинде Чыңгыз Айтматов ким экенин таамай мүнөзөп, түшүндүрүп берген экен.

Бексултан Жакиев: “Өмүр өтөт билинбей”   

-Бирөөнүн көзү өтсө жакындарына, санаалаштарына көңүл айтуу адептүүлүктү билгизген жакшы жөрөлгө. Жаш кыз-жигит кайтыш болгон учурда кайгы оор, улгайган адам о дүйнөгө кеткенде карыялар акыл токтотуп, “Жарыктык жакшы эле жашады, мындай өмүрдү Кудай таала ар кимге ыраа көрө бербейт, арты кайрымдуу болсун” деген сымал кайрат айтканыбыз бар.

Жашоо тарыхыбызда байыртан келаткан бул салтыбыз эки ирет “бузулгандай” сезилет мага. Биринчи жолу- Манас өлгөндө, экинчи жолу Чыңгыз Айтматов каза болгондо. Экөөндө тең кыргыз эли эс-акылын жыя албай, мүңкүрөп көңүл айтышуу наркыбызды эстен чыгарып салгандайбыз.

Жер сыйпалатып темселеткен күйүт ошондой абалга жеткирген. Кабылан Манас опаат болгондо “кайың ыйлап, тал ыйлап, калайыктын баары ыйлап” демекчи, Чыкебиз өткөндө да эр азаматтар эркектин ыйлаганы уят болорун элес албай көз жашын көлдөттү эле го, аялдар ботодой боздоп буркурады эле го!

Кан төгүшкөн катуу салгылаштарда кара жанын канжыгага байлап, чачылган калкты жыйып, ата-бабасынын жерин баскынчылардан тазалап, адамгерчилиги, камкордугу, каармандыгы менен төгөрөктүн төрт бурчуна кыргыздын даңкын чыгарган кеменгер жол башчы Манастан айрылуу кайрадан эл-жердин эркиндигине коркунуч туудурса, Чыңгыз Айтматовду жоготуу эмнеликтен Манасты жоготконго тете оор кайгы болгон? Айтматовго чейин еле кадырлаган атактуу жарандарыбыз о дүйнө кетпеди беле. Алардын ар биринен ажыроо орду толгус жоготуу болду эле го.

Айтматовдун кыргыз тарыхындагы орду өзгөчө феномен. Өзгөчөлүгү жөнөкөй да, түшүнүктүүдөй да сезилгени менен, ошол эле учурда татаал жана кызык. Жөнөкөйлүгү – чыгармаларында баяндалган окуя кадимки эле күнүмдүк жашообузда боло жүргөн, болуп өткөн, болуп жаткан турмуш буруу-берүүсү жок сүрөттөлүп, а тургай мифтик көрүнүштөр, айбанаттардын өмүр сүрүшүнө чейин аралашса да, көздү алачакмактаткан апыртмаларга окурманды алагды кылбай, реалдуу тириликти “дал өзүндөй” тааныта, улуттук маңызын дүйнөлүк деңгээлге жеткире кылдат ачып бергенинде. Ал эми татаалдыгы – ошол эле реалдуу сүрөттөөлөрдүн жети катар түпкүрүндөгү глобалдуу кымгууттукта бүткүл адамзаттын жүрөгүн өйүгөн көйгөйлүү “эзелтен чечилбеген улуу талаш” проблемаларды көркөм дүйнө менен чырмалыштыра кызык баяндаганында деп ойлойм.

“Эзелтеден чечилбеген улуу талаш” кандуу согушту гана билгизбейт. Адамдын адам болуу милдетин эскерткен Айтматовдун “Канткенде адам уулу адам болот?” деген философиялуу ой- толгоо тынчсыздануусу жалпы адамзатка өтө жакын, жагымдуу чакырык болду. Ошо себептен Чыкемин романдары, повесттери, аңгемелери, публицистикалары дүйнө элдеринин көңүлүн көбүртө-жабырта эргитти.

Айтматовдун чыгармаларындагы окуя, тагдырларга гана кызыкпайт адамзат. Окуялардын, трагедилуу тагдырлардын тамыры кайдан, эмнеликтен ушундай абал жаралган деген табышмак суроолорго жооп издөө кимге болсо да кызык. Жооп табылабы, жокпу? Кеп анда деле эместир. Кеп – адамдын аң-сезимин козгоп, адамды кыялдандырган, адамдын адам болуу милдетин ойготкон маңыздуулугунандыр. Жашоо дайыма табышмак, сансыз суроолорлун түрмөгү, түбөлүк изденүү.

Айтматовдун дагы бир өзгөчөлүгү – “жөнөкөй турмушту, коомдук түзүлүштүн кемчиликтерин каармандардын тагдыры менен эриш-аркак жуурулуштура көрсөтсө да, ызага алдырбай, “быкый” чукубаган” кеменгерлигинде, саясатташтырбаганында.

Адамзат көптөгөн улуу жазуучуларды билет. Алардын кимисин албайлы, дүйнө маданиятына өз көркөм дүйнөсү менен кошулуп, руханий түшүнүктөрдү кеңейткен сүрөткерлер, өзгөлөргө окшобогон артыкчылыктары болгон үчүн алар кымбат жана баалуу. Чыңгыз Айтматовду алардан өйдөсүнтөйүн деген ой жок менде. Ар кимисинин ээлеген татыктуу орду бар. Чыкебиз алдыңкы катардан орун тапты да, кыргыз элин дүйнөгө таанытты. Бул жагынан да Манас экөөнүн баркы кыргызга бирдей.

Айтматов чыгармаларында ким жөнүндө эмне жөнүндө жазбасын, айталык, карар-көрөрү жок үй-бүлөнү баккан жалгыз уйду уурдап, жетимдерди зар какшаткан дезертир болобу, согушта жакындарынын баарынан ажырап, адамдык кадыр-баркын, касиетин жоготпогон эне жөнүндө болобу, келечекте сабатсыздык теши жоюлган бактылуу заман орноруна ишенген чала сабат алгачкы мугалим болобу, Ысык-Көлдүн боюнда жакшынакай кыял менен жашап, балыкка айланып кеткен наристе болобу, ээн талаадагы темир жол станциясындагылар болобу, жайлоодо мал баккан, жакада эгин эккен дыйкан болобу, сүйүүсүн тапкан бактылуулар болобу, асыл тукум чыгаан жорго, буркулдаган буура болобу, канчыгы дөбөтүнө, дөбөтү канчыгына күйүмдүү карышкырлар болобу, аска-зоого көрк кошкон салабаттуу илбирс жөнүндө болобу, бардык учурда “Канткенде адам уулу адам болот?” деген санаа автордун көңүлүнөн чыкпаган гумандуу түйшүк.

Өткөн менен кеткендин, азыркы менен эртеңкинин, адам менен табияттын, ата менен баланын, адам менен бийликтин ортосундагы гармониялуу байланыш бузулган жерде чыр-чатак ырбап, үй-бүлөдөн, коомдон ырк кетерин, ата-бабанын баркы унутулуп, улуттук ар-намыстан кол жууп каларыбызды эскерткен көркөм образдуу таасирлер булар.

“Кылым карытар бир күндөгү” маңкуртчулук туткунга түшкөн баланын гана шору эмес, бүтүндөй бир системанын же системалардын адамдагы адам болуу милдетин өлтүргөн коркунучтуу кесепет.

Ал кесепет өткөн доорлор менен кошо жоголгон жок. Кебете-кешпирин өзгөртүп, биздин доорго чейин кирип келгени ого бетер коркунучтуу. Аны этибар албаган аңкоолугубуз курусун!

Бүгүнкү күндө дүнүйөкорлуктун, мансапкорлуктун арааны ачылып, ташбоорлук өкүм сүрүп турган чакта маңкуртчулук дипломуң бар-жогуна, модалуу галстук тагынып, тикеси менен тик турган костюм-шым кийип турганына карабайт. Тамыр жайылтып бара берет. Чыңгыз Айтматовдун өзүнө сөз берели:

Эзелтен чечилбеген улуу талаш,

Канткенде адам уулу Адам болот?…

Терең маанини камтыган бул саптар адамзаттын учурдагы, келечектеги тагдырына каңырыгын түтөткөн Чыкебиздин гана жаны кейиген тынчсыздануусу эмес.

Бексултан Жакиев: “Өмүр өтөт билинбей”. 528-531-бет “Турар” басмасы, 2021-жыл

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты