Чыңгыз Ажибаев мандатын тапшырары тууралуу маалыматты четке какты

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев мандатын тапшыра тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

Депутат бул айтылгандарды четке какты:

«Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазган жокмун” деди Ажибаев.

Чыңгыз Ажибаев 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары. “Элдик” депутаттык тобунун мүчөсү.

Буга чейин Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов мандатын тапшырган, Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, мандаты токтотулган.

Сүрөттө: Чыңгыз Ажибаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты