Дагы бир депутат — Чыңгыз Ажибаев мандатын тапшырары айтылууда

  • 3 месяца мурун

Дагы бир депутат — Чыңгыз Ажибаев депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарынын айтуусу боюнча билдирди. Чыңгыз Ажибаев мандатын тапшырбай турганы да ЖМКда маалымдалууда.

Ал эми БШКга Ажибаевден арыз түшкөн эмес.

Чыңгыз Ажибаев 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары. “Элдик” депутаттык тобунун мүчөсү.

Буга чейин Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов мандатын тапшырган, Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, мандаты токтотулган.

Сүрөттө: Чыңгыз Ажибаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты