Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакыртып алуу маселеси каралат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду  комитет төрагалыгынан чакыртып алуу маселеси каралат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча 5 фракциянын чечими келип түшкөнүн билдирип, күн тартибине коюу керектигин айтты.

Сунуш берилгенден кийин бул маселе күн тартибине кирди.

Кечээ, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз алып, Чыңгыз Айдарбеков мындай деген:

-Учурда комитет төрагасынын кызматын тапшырышым керек деген сөз пайда болду. Арыз жазганга даярмын. Убакыт бардыгын көрсөтөт. Жогорку Кеңеште материалды талкуулашыбыз керек. Чечимдерибиз элибизге пайда алып келиши керек. Эл бизге баа берет, эл — тараза, эл — сынчы. Саясаттагы эң кооптуу нерсе бул — кайдыгерлик,-деди Чыңгыз Айдарбеков.

Ошол эле кайрылууда депутат Айдарбеков Президентка да кайрылып, мындай деген:

-Урматтуу Садыр Нургожоевич, кечээ күнү сиз менен жолугуп, пикир алыштык. Диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болбосун, бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар — эртең саткындар. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедим. 22 жыл дипломатиялык тармакта, анын ичинде Өзбекстандагы кыргыз элчилигинде үч жыл иштедим. Бул маселелерди ичинен билем. Мен кадрдык дипломатмын. Эч ким мага кызматта түрткү берген эмес. Мамлекетке алып келген пайдам чоң, бирок ал тууралуу жеңил пиар кылган эмесмин.

Ошондой эле депутат Айдарбеков аткаруу бийлигинен бир киши аны далилсиз айыптаганын белгилеген:

-Өткөн апта делимитация боюнча пакет колума тийди. 11-октябрда бизге кагаздарды кайра кайтарып бергиле деди. Ошого карабастан регламенттин негизинде алып бардык. Кечинде кворум болду, президенттин өкүлү келди. Бул коллегиалдуу орган. Мен жалгыз чечим кабыл албайм. Сиздер менен  баарлашып, акылдашып, тынч, талашпай, төрагалыктан кетейин деген чечимге келдим.

Бирок кечээ бир киши коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады, адилетсиз жамандады, намыска тийди. «Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт». Аткаруу бийлигинин өкүлү ал дайындалган киши, шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасалып жатат. Бул — мамлекет кызматкеринин сабатсыздыгы,- деди Айдарбеков.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кесиптештеринин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди колдоо чечимине кол койбогондугу үчүн сынга алды.​

«Чыңгыз Айдарбеков каалагандай каршы добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү» деп жазды Байсалов Твиттерде. «Анын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы бери дегенде анын компетентсиздигин айтып турат. Бирок түпкү мотивдер да бар болушу мүмкүн» деген Эдил Байсалов.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди. Келишимдин долбооруна комитет жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койгон эмес.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков комитет жыйынынан кийин.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты