Чуңкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өттү

5-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өттү.

Иш-чарага бийликтин, маданият тармагынын, өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана меймандар катышты.

Этнофестивалдын жүрүшүндө боз үй шаарчасы тигилип, кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү- аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер, чыгармачыл инсандардын театралдаштырылган концерти тартууланды.

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Сүрөттөр: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты