Бээнин сүтүн жана кымызды кайра иштетүүнү өнүктүрүү долбоору сунушталды

8-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) жана «Кыргыз Кымызы «Кымызфест» ассоциациясы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйын министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын жетекчилиги алдында өттү.

Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бээнин сүтүн жана кымызды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатууга, кошумча нарк түзүүгө жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Кыргыз кымызы» долбоору тааныштырылды.

Тараптар сунушталган демилгени мындан ары иштеп чыгуу жана бээнин сүтүн кайра иштетүүнү өнүктүрүү, ошондой эле «Кыргыз кымызы» улуттук брендин илгерилетүү максатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө бээнин сүтүн жана кымызды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатууга, кошумча нарк түзүүгө жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Кыргыз кымызы» долбоору тааныштырылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты