Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жер тилкеси мыйзамсыз берилген деп шектелүүдө  

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары Р.Э.Р.ге Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Сейил” участогунда жайгашкан 1,01 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бергенин аныктаганын билдирди.

Маадыматта Айыл чарба министрлигинин жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган жер участогун берүүдө мыйзамдарынын бузулушуна жол берилгендиги аныкталганы айтылат.

Бул фактынын негизинде УКМК кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоп, Н.А.К.  кармалган.

Тергөө иштери улантылууда.

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жер тилкеси мыйзамсыз берилген деп шектелүүдө  

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты