Чолпон-Атада Жапаров Сейшел аралдарынын тышкы иштер министри Барри Форду кабыл алды
- 2 недели мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды.
Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.
Анда белгиленгендей, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү боюнча пикир алмашылды.
Тараптар ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Министр Барри Фор Сейшел аралдары республикасынын президенти Патрик Эрмини жолдогон саламын жеткирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сейшел кызматташуусун мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.
4-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушуту. Жолугушууда Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортрсунда жарандарга кыска сапарларга визалык талаптарды жокко чыгаруу макулдашуусуна кол коюлду.
Сүрөт: president.kg




