Чолпон-Атада кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү
- 9 месяцев мурун
Чолпон-Ата шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин 4-жыйыны болуп өттү. Ага эки өлкөнүн ишкерлери катышты. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Анда белгиленгендей, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын акыркы жылдардагы жетишкендиктерин айтып өттү.
“2025-жылдын жети айында ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 11,5%ды түздү, ал эми негизги капиталга инвестициялар 33,4%га өстү” деп белгиледи Касымалиев.
Төрага Кыргызстан өндүрүштөрдү модернизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук потенциалдын өсүшүнө салым кошо ала турган германиялык инвестицияларга, технологияларга жана инновацияларга кызыкдар экенин белгиледи.
Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” менен “Rhenus SE & Co. KG” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Сүрөт: gov.kg




