Чолпон-Атада кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

  • 10 месяцев мурун

Эртең, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда кыргыз-герман «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» бизнес-форуму  жана кыргыз-герман ишкердик кеңешинин IV отуруму өтөт.

Бул тууралуу МинКаб маалымат жарыялады.   

Маалыматта айтылгандай, бизнес-форумдун алкагында «Экспорттук потенциал жана өткөөл мезгилдеги логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» жана «Кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетика тармагындагы долбоорлор» темаларында сессиялар пландаштырылган.

Ошондой эле тыгыз ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган жолугушуулары каралган.

Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин IV отуруму Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналат.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты