Чолпон-Атада эл аралык туристтик жарманке жана 2023-жылдын туристтик сезону ачылды

  • 12 месяцев мурун

Чолпон-Атада эл аралык туристтик жарманке жана 2023-жылдын туристтик сезону ачылды

13-майда Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы Рух-Ордо маданий борборунда Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесинин жана 2023-туристтик сезондун ачылышы болуп өттү. 

Мекендештерге, Ысык-Көл облусунун тургундарына жана ардактуу конокторго куттуктоо сөзүн экономика жана коммерция министри  Данияр Амангелдиев сүйлөдү.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын туризм тармагы, өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бирине айланууда. Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун (ЮНВТО) маалыматы боюнча 2022-жылы дүйнөлүк туризм пандемия мезгилине салыштырмалуу 63% калыбына келип, 2022-жылы Дүйнөлүк туристтик уюмдун классификациясына киргизилген Кыргызстандын аймагына алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы саны 6 912 557 адамды түздү. Бул акыркы жылдарга салыштырмалуу үч эсе көп.

Туризм тармагында жагымдуу шарттарды түзүү максатында биз тиешелүү мамлекеттик органдар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатабыз.

Ошентип, өнөктөштөр менен бирге туризм тармагына тиешелүү мыйзамдар тармагын өркүндөтүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. “Туризм жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, учурда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду. Мындан тышкары, Жер кодексинин жаңы редакциясына туризм тармагындагы жер маселелери боюнча сунуштар даярдалды.

Министрдин айтымында, өлкөнүн аймактарында 68 туристтик эс алуу жайларын куруу пландалып, учурда 21 эс алуу жайлары курулуп жатат, алар быйылкы туристтик сезондо пайдаланууга берилиши керек. Калган 47 объектинин да жайгашкан жери аныкталып, алардын курулушу улантылат.

Борбор калаага жакын жайгашкан Аламүдүн районунда «Байтик Mountain Resort» тоо-туристтик кластери» инвестициялык долбоору ишке ашырылууда. Бул Борбор Азиядагы эң ири туристтик аймактардын бири болору күтүлүүдө.

Ошондой эле, министр Ысык-Көл районунун Тосор айылында эл аралык спорт комплексинин курулушу тынымсыз жүрүп жатканын билдирди. Өткөн жылы GOU BAS ыңгайлуу туристтик автобусту ишке киргизилди. Белгилүү болгондой, бул долбоордун иши боюнча оң пикирлер бар.

Республикада 2 локалдык геопарк (Баткен районундагы Мадыген, Ысык-Көл облусунда «Тескей») түзүлдү жана жакынкы келечекте кийинки парктар ачылат. Учурда Кыргызстандын геопарктарын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктарынын тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. 

Мындан тышкары, Жарандык авиация агенттиги менен тыгыз кызматташуунун негизинде 2023-жылдын июнь айынан баштап Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби жана Сеул багыттары боюнча Wizz Air Abu Dhabi лоукостерлин авиакомпаниясынын жана Кореянын Tway авиакомпанияларынын каттамдарын көбөйтүү каралууда. Бишкек-Сеул багыты боюнча аба каттамдарын ачуу боюнча келишим түзүлдү. Учурда өлкө 33 багытка 48 туруктуу эл аралык каттамдарды аткарат.

Ошондой эле, Ысык-Көл ITF 2023 көргөзмөсүнө келгендер туристтик компаниялардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана башка туризм тармагында иштеген уюмдардын товарлары жана кызматтары менен таанышып, этно оюндарга, кол өнөрчүлөр үчүн мастер-класстарга катыша алышты жана маданий программаны көрүштү.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө министр Д.Амангелдиев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Чолпон-Атада эл аралык туристтик жарманке жана 2023-жылдын туристтик сезону ачылды
Сүрөттөр: Экономика жана коммерция министрлиги.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты