Чолпон-Атада 60 млн. сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
- 2 года мурун
Чолпон-Ата шаарында Аскер комиссариатынын аймагында жайгашкан 60 млн.сомдук кыймылсыз мүлк объектиси аныкталып, мамлекетке кайтарылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматында, тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2001-жылы Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын мурдагы аскер комиссары С.Э.Т. Чолпон-Ата шаарынын башкы архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Б.А.нын жардамында жубайы С.А.М. аттуу жарандын наамына Чолпон-Ата шаардык бириккен аскер комиссариатынын жанаша жайгашкан аймагын мыйзамсыз менчиктештирип, андан ары үчүнчү жактарга сатып жибергени айтылат.
“2001-жылдын 17-апрелинде “Уюмдарда жана ишканаларда иштеген жарандарга жеке курулуш үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү” жөнүндө Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын № 94-Р буйругу менен С.А.М. аттуу жаранга 8 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилген. Андан ары, С.А.М. «Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын 2005-жылдын 1-февралындагы №28 “Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө” токтомунун негизинде Чолпон-Ата шаарындагы Советская №30/1 көчөсүндөгү жер тилкесине мамлекеттик акт алган жана бул укук кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында 2005-жылдын 17-июнунда №11783 (2-03-05-0018-0992- идентификациялык коду менен) катталган. Натыйжада С.А.М. аттуу жаран 2007-жылдын 17-октябрында КР жараны П.А.А. менен алдын ала келишим түзүп, курулуп бүтө элек объектилери менен аталган жер участогун 80 миң АКШ долларына саткан. Ал эми П.А.А. “Тет-а-Тет» кафесин курган. Андан соң П.A.A. 2022-жылдын 16-сентябрында «Тет-А-Тет» кафесин Кыргыз Республикасынын жараны Х.В.В.га сатып жиберген” деп айтылат маалыматта.
Тергөө жана комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Чолпон-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери акт түзүшкөн, мында 17.04.2001-жылдагы №4 жер комиссиясынын отурумунун протоколу архивде жок, ал эми 94-Р Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын 17.04.2001-жылдагы эки түрдүү буйругу бир эле санда бар, бул көрсөтүлгөн документтин жараксыздыгын тастыктайт.
Х.В.В. аттуу жаран базар баасы 60 млн. сомдук аталган объектти мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып бергендиги белгиленди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




