Курулушта бетон аралаштырган жабдык кулап, үч киши каза тапты. Шектүүлөр кармалды

  • 2 месяца мурун

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы курулушта бетон аралаштырган мунара кулап, үч адам мерт болду. Курулуштагы коопсуздукка жооптуу адамдар кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 22-сентябрда саат 14:10 до Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылындагы курулушта бетон аралаштырган конструкция кулап кетип, кишилерди басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки иш-чаралар башталган. Оперативдүү тергөө тобу аталган жерге барганда, факты тастыкталган.     

Ал жерде «НБ» компаниясы тарабынан бетон аралаштырган жабддык кулап кетип, жанындагы имаратты басып калган, анын айынан имараттын ичиндеги үч киши, 1995-жылы туулган слесарь-жумушчу Н.Б., 1990-жылы туулган оператор Ж.А. жана 1978-жылы туулган экинчи оператор К.Э. мерт кеткен. К.Э. чет элдик жаран болгон.  Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Аламүдүн райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан маркумдардын сөөгү табылган.

Бул кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси, коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы  боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишине жооптуу катары 1979-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган И.И. жана 1990-жылы туулган Л.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты