Бороондуу жайлоосунда кар көчкү басып калган киши изделүүдө
- 4 недели мурун
- Видео
Чүй облусунун Жайыл районундагы Бороондуу жайлоосунда кар көчкү басып калган жаранды издөөгө 29 киши жөнөтүлдү. Алардын — 24ү куткаруучулар.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, суусамырлыктардын аттары менен Кызыл-Ой айылынан жайлоого чейин 3-4 сааттык жол басышат.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




