Чоң-Алайда кар көчкүнүн астында калып, бир жаран каза тапты   

  • 1 год мурун

6-февралга караган түнү Чоң-Алай районунун Чек айылынын тургуну, 1996-жылы туулган А.Ж. аттуу кишини Чоң-Алай айыл аймагынын Кулчу айылынын тоосунда карышкырга мэргенчилик кылып жүргөн учурда кар көчкү басып калган. Анын сөөгү табылды.

Ал жаранды издөөгө Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундар тарабынан 50 жардамчы тартылган.

Издөө иштерине катышкандар кар көчкү басып калган кишинин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты