Чоң-Алайда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

  • 2 года мурун

Ош облусунун Чоң-Алай районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 12-февралда саат 08:05те катталып, жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кулчу, Жар-Башы, Чак, Жар-Тилек айылдарында — 3 балл, Шибээ айылында — 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМден билдиришкендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты