Чет өлкөлүк жарандарга виза үчүн бир миллион сомдон ашык акча алууга шектелип, Пакистан жараны кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасына кирүү визаларын мыйзамсыз даярдоо каналын аныктады.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Пакистан жараны А.М. пакистандык 14 жарандын ишенимине кирип, аларга керектүү документ алып берүүгө убада кылган. Өзү Кыргыз Республикасынын аймагында 17 жылдан ашык убакыттан бери жашаган жана бул факторду анын өлкөдө керектүү байланыштары бар экендигин жана Пакистандын жогоруда аталган жарандары үчүн электрондук визаларды (E-Visa) бере ала тургандыгын ырастоо катары колдонгон.
Виза даярдап берүү үчүн А.М. жабыркаган жарандардан 1 миллион сомдон ашык акча алууга шектелүүдө. Бул боюнча 18-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында КР кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгүндө жана 209-беренесинин 1-бөлүгүндө («Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык») каралган кылмыштардын негизинде А.М. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы