Чет өлкөлүк каттоосу бар унааны легалдаштырууну аяктоо жарлыгына кол коюлду
- 2 недели мурун
“Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка Садыр Жапаров тарабынан кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
1. Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн (анын ичинде адистештирилген токтотуу жайларында турган) чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын ээлерине (айдоочуларына) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө укук берилет:
1) Министрлер кабинети белгилеген тартипте легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүүгө;
2) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууну жүзөгө ашырууга;
3) транспорт каражаттарын запастык бөлүктөргө сатууга;
4) Министрлер кабинети белгилеген тартипте транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүзөгө ашырууга укук берилет.
Транспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруу жол-жобосу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына ташып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттарына гана жайылтылат;
Легалдаштыруунун кошумча жол-жобосу бир жолку, өзгөчө жана акыркы мүнөзгө ээ жана узартылууга тийиш эмес;
Мөөнөт өткөндөн кийин транспорт каражаттарын легалдаштырууга жол берилбейт;
Легалдаштыруудан өтпөгөн транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоого тыюу салынат;
Ээси (айдоочусу) ушул жарлыктын талаптарын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда транспорт каражаттары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, утилдештирүү менен адистештирилген токтотуу жайларына киргизилүүгө тийиш.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




