Чет өлкөдө жашырынган кылмышка шектүүлөрдүн экстрадицияланышы күтүлүүдө

  • 12 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жана чет өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркия, Италия жана Арменияда Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалды.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 25-июлунда адам өлтүрүү үчүн изделип жаткан жаран 1990-жылы туулган А.Ш. Түркия аймагында кармалган. 2014-жылдын февраль айында “Ош-Бишкек” унаа жолунда А.Ш. шериктери менен бирге М. У.га ок аткан. Анын кесепетинен М.У. каза болгон.  Кылмыш болгондон кийин жогоруда кармалган жаран 11 жыл бою чет өлкөдө жашынып жүргөн. Эл аралык тыгыз кызматташтыктын аркасында анын жайгашкан жери аныкталып, камакка алынды.

Буга чейин, ушул жылдын 26-майында Италиянын Нуоро провинциясында оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган А.К. кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2017-жылдын 23-апрелинде Токмок шаарында ал шериктери менен бирге материалдык баалуулуктарды опузалап, жабырлануучунун денесине залал келтирген.

Ошондой эле, Армениянын аймагында эл аралык кызматташуунун алкагында Ереван шаарынан 2005-жылы туулган Ш.И. кармалган. Ал синтетикалык психотроптук заттарды сатууну уюштурган деген айып менен эл аралык издөөдө жүргөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Каракол шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу үчүн Telegram-канал түзүп, ошондой эле шаардын көчөлөрүнө үгүт жазуулары камтылган жарнактарды жайгаштырган.

Кармалгандардын баары тиешелүү өлкөлөрдүн тергөө абактарына киргизилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аталган адамдарды Кыргызстандын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо жагы каралууда.

Чет өлкөдө жашырынган кылмышка шектүүлөрдүн экстрадицияланышы күтүлүүдө
Чет өлкөдө жашырынган кылмышка шектүүлөрдүн экстрадицияланышы күтүлүүдө
Чет өлкөдө жашырынган кылмышка шектүүлөрдүн экстрадицияланышы күтүлүүдө

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты