Чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү

  • 2 года мурун

Экономика жана коммерция министрлиги чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, иштей баштаганын билдирди.

«Бүгүнкү күндө автоунааларды мыйзамдаштыруу процессин жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкын кылуу механизмдерин жана инструменттерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, өз ишин баштады»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик автоунааларды мыйзамдаштыруу тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин ишке ашырылаарын билдирди.

Эске салсак, 31-декабрда президент Садыр Жапаров чет элдик номурлуу автоунааларды алты айдын ичинде мыйзамдаштыруу боюнча “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, алгачкы эки айдын ичинде Министрлер кабинети тарабынан автоунааларды мыйзамдаштыруунун жол-жобосу жөнгө салынышы керек. Андан соң автоунааларды мыйзамдаштыруу алты айдын ичинде 3 этап менен ишке ашат:

1-этап – укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу;
2-этап – укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу;
3-этап – укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине автоунааны запастык бөлүктөргө сатууга, өлкөдөн ташып чыгууга уруксат берилет.

Ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн иштелип чыгат жана бекитилет.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты