ЖК комитетинде Бишкек жана Оштогу тыгынды азайтуу маселеси талкууланды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 21-январда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды.
Аталган маселе боюнча демилгечи депутат Марлен Маматалиев маалымат берди.
Министрлер кабинетине мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Бишкектин айланасында айланма жол куруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат.
Муну менен катар транспорт агымдарына адаптациялануучу жол чырактарын башкаруунун интеллектуалдык системасын орнотуу; ошондой эле жолдорду, өзгөчө авария өтө көп болгон жерлерде жарыктандырууну жакшыртуу; бара-бара техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо менен, Бишкек шаарынын аймагынан темир жол борборлорун көчүрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү сунуштары камтылган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, жол чырактарын башкаруу системасына 128 миллион сом бөлүнгөн. «Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы борбордун 21 кесилишинде пилоттук режимде 25-январдан тарта иштей баштайт» деди.
Андан тышкары, мэр кичи автобустарды борбордук көчөлөрдөн чыгаруу, автобекеттерди көчүрүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, автожолдорду кеңейтүү иштери тууралуу маалымат берди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан