Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кызматтык автоунаалар тапшырылды  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-ноябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10 кызматтык автоунаа тапшырды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

УКМК төрагасы борбордун кызматкерлерин жаңы кызматтык унааларга ээ болушу менен куттуктады.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору  өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги алдыңкы медициналык борборлордун бири. Бул жерде жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, 15 миңге чейин ар кандай татаалдыктагы операция жасалат, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарыкка келет.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты