Кемин районунда унаа сууга кулап, атасы эки жаш баласы менен каза тапты
- 2 месяца мурун
25-июнда Кемин районунун Подгорное айылынын түндүк тарабында жайгашкан Чоң Чүй каналына «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетип үч киши каза тапты.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, суунун агымы катуу болгондуктан, автоунаанын ичиндеги жарандар сыртка чыга албай калышкан.
Аталган факты Кемин райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жардамы менен автоунаа суудан чыгарылып, анын ичинен үч жарандын сөөгү табылган. Бул бир үй-бүлө мүчөлөрү, атасы эки жаш баласы экендиги такталган.
Иллюстрациялык сүрөт сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




