Кыргызстанда чет элдик номурлуу автоунаалар мыйзамдаштырылат

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров чет жердик номурлуу автоунааларды алты айдын ичинде мыйзамдаштыруу боюнча “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

31-декабрда кол коюлган Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинет эки айдын ичинде Кыргызстандын аймагына ташылып келген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруунун жол-жобосун жөнгө салат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Ал эми автоунааларды мыйзамдаштыруу алты айдын ичинде 3 этап менен жөнгө салынат:

1-этап – укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу;
2-этап – укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу;
3-этап – укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине автоунааны запастык бөлүктөргө сатууга, өлкөдөн ташып чыгууга уруксат берилет.

Ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн иштелип чыгат жана бекитилет.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты