23 жаштагы жаран автоунааны тоноого шектелип кармалды (видео)
- 2 года мурун
Бишкек шаарында 23 жаштагы А.М. аттуу жаран «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирип, видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран мурда да уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон.
Кармалган жаран ушул жылдын 14-апрелинде болжол менен таңкы саат 4:00дө «Тойота Камри» автоунаасынын терезесин талкалап, ичинде маанилүү документтер, банк карталар жана 10 миң сом акчасы менен капчыкты, ошондой эле унаанын ээсинин аялына тиешелүү буюмдарды уурдап кеткен.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргөн. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагынан Жалал-Абад облусунун 2001-жылы туулган тургуну А.М. кармалган.
«Мындан сырткары жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде кармалган шектүү тарабынан башка аймактарда дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги териштирилип, азыркы учурда шектүү А.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы




