Чет элдик компаниялар Казакстандын 13 шаарына чектөөсүз учуу укугуна ээ болушту

  • 5 месяцев мурун

Чет элдик авиакомпаниялар Казакстандын 13 шаарынын аэропортторуна учактардын түрү жана жыштыгы боюнча чектөөсүз каттамдарды аткарууга укук алышты.

Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлиги 2-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, министрлик менен Атаандаштыкты коргоо агенттиги Казакстандын авиация рыногунун жагымдуулугун арттыруу максатында “ачык асман” режимин жакшырткан.

Тактап айтканда, министрлик чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн буга чейин киризилген бир нече чектөөлөрдү алды.

Министрлик бул кадам авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө, тейлөөнү жакшыртууга жана каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жардам берет деп эсептейт.

Казакстанда “ачык асман” режими Астана, Алматы, Актау, Актөбө, Караганда, Көкшетау, Павлодар, Петропавловск, Семей, Тараз, Түркстан, Усть-Каменогорск жана Чымкент шаарларынын аэропортторунда иштейт.

Казакстанда жүргүнчүлөр авиабилеттердин кымбаттыгына көп даттанышат. Ноябрь айынын соңунда транспорт министри Марат Карабаев өлкөдө учуу кызматы жогору экенин мойнуна алган.

«Авиабилеттердин кымбаттыгы коомдо көп талкууланган маселе. Билеттер кымбат экенин моюнга алабыз. Азыркы кезде казак рыногуна жаңы арзан авиакомпанияларды тартуу боюнча активдүү иш алып баруудабыз» деди министр.

Карабаевдин айтымында, ведомство Казакстан рыногуна эл аралык компаниялардан жаңы лоукостер киргизүү маселесин карап жатат. Мындан тышкары казак авиакомпаниялары жүргүнчүлөрдү ташуу талабын канааттандыруу үчүн жаңы учактарды сатып алышат.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты