Чет элдик диний миссионерлердин мыйзамсыз иштери токтотулду

  • 2 года мурун

27-июнда Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик жарандардын тобунун аракеттери токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Медициналык окуу жайлардын Индия, Пакистан жана Бангладеш жарандарынын 10 студенттен турган тобунун дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоосу жок, Бишкек шаарынын аймагында миссионердик ишмердүүлүк жүргүзүшкөнү аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, каттоого алынды.

УКМК чет өлкөлүк жарандарды республиканын аймагында жүргөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Ошондой эле окуу жайлардын жетекчилигине чет элдик студенттерди мыйзамсыз диний иштерге тартуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүүнү сунуштайт.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты