“Челябинскиде Бишкектен барган учакты күч органдары тосуп, чакыруу кагаздарын тапшырышты”. ТИМдин комментарийи
- 1 месяц мурун
ЖМКда жарыяланган “Челябинск аэропортунда Бишкектен учуп келе жаткан учакты күч органдары тосуп алып, чакыруу кагаздарын тапшырышты” деген маалымат боюнча тышкы иштер министрлиги комментарийледи.
«Азыркы мезгилде Бишкек-Челябинск багытында аба каттамдары жүргүзүлбөйт. 2024-жылдын 7-ноябрында жүргүнчүлөр Ош-Челябинск каттамы аркылуу учуп келишкен. Маалыматтык билдирүү жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен иш алып баруусунун натыйжасында Россия Федерациясынын аймагына киргизилбей, Челябинск аэропортунун “стерилдүү зонасында” болуп, Кыргызстанга кайтарыла турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жок экендиги маалым болду» деди ТИМ.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан