«Чек арасыз кабарчылар» Болот Темировду куугунтуктоону токтотууну талап кылууда

  • 5 месяцев мурун

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюму президент Садыр Жапаровду иликтөөчү журналист Болот Темировду куугунтуктоону токтотууга жана анын кыргыз жарандыгын калыбына келтирүүгө чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө бир жыл мурун мекенинен чыгарылган журналист Болот Темиров кыргыз жарандыгынан ажыратылып, анын медиа уюмунун каржы эсеби бөгөттөлгөнү белгиленген.
Ага ылайык, Болот Темировдун Temirov Live каналына каржылык көмөк көрсөтүлүүчү «Мбанк» төлөм системасындагы эсептери удаа бөгөттөлгөн. Алгачкысы былтыр декабрда токтотулган болсо, жаңысы өткөн айда жабылган.

«Болот Темиров жарандыктан Кыргызстандын бийлигиндеги коррупциялык жаңжалды ашкере кылгандан кийин ажыратылды. Анын өзүнө жана ишмердигине алигүнчө жасалып жаткан басым жана коркутуулар бийликтеги адамдар өлкөнүн кызыкчылыгын коргоодон көрө журналистти куугунтуктоого көбүрөөк кызыкдар экенин көрсөтүп турат. Биз мамлекет башчысы Садыр Жапаровду бул кырдаалга чекит коюп, Болот Темировго жарандыгын кайтарып берүүгө жана журналисттик иликтөөлөрүн тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз» деп билдирди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

20-апрелде Темировго карата жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын «анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды» деп түшүндүргөн. Журналист өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты