Чек арачы Мирбек Султанбек уулуна  Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин  жесири  Гүлхайо Кодирова менен жолугушту.

Мамлекет башчы чек арачы Мирбек Султанбек уулуна Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

Прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү.

2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган. Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта каза болгон. Өткөн жылдын май айында ал курман болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да буга чейин Бишкектен батир алышкан.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты