Чек ара маселеси: Баткенде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан делегациялары жолугушту
- 5 months мурун
25-29-апрелде Баткен шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанстандын өкмөттүк делегациялары жолугушуусу өтүп, мамлекеттик чек аралардын чектери боюнча пикир алышуу болду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 30-апрелде маалымдады.
Маалыматта чек ара маселеси боюнча пикир алмашуу достук жана түшүнүшүү жагдайында өткөндүгү айтылды.
Өкмөттүк делегациялардын чек ара маселелери боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстанда өтөрү күтүлүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү