Чек ара кызматы: Чек арадагы кырдаал чыңалуу абалында
- 2 года мурун
18-сентябрь саат 08:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун тилкесинде жана Баткен облусунда кырдаал чыңалуу абалында турат.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.
17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн тынч, окуясыз өттү.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 24 киши каза тапканын кабарлаган. Ал эми 17-сентябрь, саат 22:30ка карата маалыматына ылайык, Баткен облусундагы жабыр тартып, саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 129га жетти.