Чаткалда кар көчкү 3 сарайды мал-жандыктары менен басып калган

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-мартта, саат 11:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жайгашкан 3 сарайды кар көчкү басып калды деген маалымат түшкөн.

Кырсык катталган аймакта өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чаткал райондук бөлүмүнүн жетекчиси башында турган 17 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 17 кызматкер жана 2 жүктөгүч, 1 трактор тартылган.

Бүгүн кар көчкү алдынан 97 кой, 3 жылкы жана “Хонда — Одиссей” унаасы чыгарылды.

Кырсыктын кесепетинен айыл тургундарынын болжол менен 156 кою, 6 жылкы жана «Одиссей» үлгүсүндөгү жеңил унаа кар көчкү астында калган.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Эртең, 13-март күнү мал жандыктарын кар астынан чыгаруу иши улантылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты