Чаткалда эки кар көчкү станциясы ачылды  

  • 7 месяцев мурун

11-октябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Чапчыма” кар көчкү станциясы жана “Чаткал” метеостанциясы ачылды.

Салтанаттуу ачылыш аземге Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Япониянын Кыргызстана элчиси Года Хидеки, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева жана гидромет кызматынын директору Н. Мурзабеков баш болгон кызматкерлер катьшты.

Маалыматта айтылгандай, бардык шарттары бар станциялар Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу потенциалын жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында Япон өкмөтүнүн каржылоосу менен ачылып отурат.

1930-жылдары курулуп, Советтер союзу тарагандан кийин ишин токтоткон “Чапчыма” жана “Чаткал” станцияларын иштетүү зарылчылыгы көптөн бери көйгөйлүү маселе болуп келген. Анткени Жалал-Абад облусунун Чаткал районун башка жерлер менен байланыштырган Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда күндүн жылышы менен кар көчкү түшүү кооптуулугу дайыма жаралып турат.

Станциялар аркылуу реалдуу убакыт режиминде так маалымат алып, калкты кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылууга шар түзүлөт. Мындан сырткары Кыргызстандагы табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча республикалык бирдиктүү маалыматтык системаны түзүүгө болот.

Ушул жыл ичинде Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстанда 3 кар көчкү станциясы ишке кирип, алардын жалпы суммасы 1,17 миллион АКШ долларын түздү. Алар Нарын облусундагы “Долон”, Жалал-Абад облусундагы “Чапчыма” жана “Чаткал” кар көчкү станциялары.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты