Чаткалда көпүрөнү сел алып, 36 туристти куткаруучулар коопсуз жайга чыгарышты
- 6 дней мурун
- Видео
Чаткал районундагы Кара-Токой суусундагы көпүрөнү сел алып кетип, андагы туристтер кете албай калган. Куткаруучулар асма көпүрө аркылуу 36 жараны коопсуз жайга чыгарышты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Алардын ичинен жетөө Россиянын, бирөө Казакстандын жана 28кишии Кыргызстандын жарандары.
Ал эми экөө өз унаасы менен суунун деңгээлинин төмөндөшүн күтүп жатышат.
3-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылынын Кара-Токой тилкесиндеги Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн сол тарабындагы түркүгүн суу көтөрүлгөндө алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылып калган.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




