Чаткал токой чарба башчысы 5 млн сом пара алууга шектелип, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди
- 10 месяцев мурун
2025-жылдын 1-сентябрында Чаткал токой чарбасынын башчысы М.О.Б. «Алтын Белги» компаниясынын директору Ж.у.А. аттуу жарандан 5 млн сом пара алып жатканда кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, М.О.Б. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча «Алтын Белги» ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантышы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




