Charge fast пирамидасын уюштурууга шектүү жаран эки айга камалды

  • 2 месяца мурун

Charge fast (тез заряд) пирамидасын уюштурууга шектүү жаран эки айга тергөө абагына камалды. Чечимди 9-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын анын адвокаты билдирди.

Милиция 43 жаштагы шектүүнү 7-мартта кармаган. Ал кылмыш-жаза кодексинин «Каржы пирамидасын уюштуруу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшкөн.

Ички иштер министрлиги анын дагы башка кылмыштарга катышы бар-жогу аныкталып жатканын билдирген.

Өткөн аптада Биринчи Май райондук милициясына 100дөн ашуун жаран Charge fast компаниясынын ээлерине чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Арызда алар акчаны «эки эсе көбөйтүп беребиз» деген убада менен көп суммадагы акча каражаттарын топтоп алып, из жашырышканы белгиленген.

«Тез заряд» компаниясынын уюштуруучусу деген шек менен буга чейин да бир нече киши кармалган.

ИИМ мурдараак 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушул тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты