Үч партия парламенттик шайлоого талапкер көрсөтө тургандыгын билдирди

  • 1 месяц мурун

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө үч партия расмий билдирди. Алар — «Кырк ууз», «Легалайз» жана «Ынтымак» саясий партиялары.

Бул тууралуу БШК сайтында маалымат жарыяланды.

Мыйзамга ылайык, бул саясий партиялар съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди съездде жашыруун добуш менен көрсөтүш керек.

Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт.

Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок.

Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш : бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды.

25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды.

Сүрөттө: БШК имараты. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты