Үч миң долларга жасалма диплом саткандар кармалды  

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 14-июлда жогорку окуу жайдын дипломун мыйзамсыз даярдоого жана сатууга шектүү адамдардын тобу кармалды.

Кармалган кыргызстандык О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу жарандар үч миң АКШ долларына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын жогорку билими тууралуу дипломун Л.А.нын атына жасап беришкен.

Алар диплом үчүн акча каражатын алып жаткан учурда кармалды.

Тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты