Үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 31-мартта, Тажкистандын Худжанд шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын пезиденти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта белгиленгендей, жетишилген макулдашуулар өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуулукту сактоо жана региондогу интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат.

«Мындан тышкары үч өлкөнүн лидерлери үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция байланышы форматында өттү. Аземдин жүрүшүндө мамлекет башчылар бир эле учурда атайын тирегич тактага орнотулган баскычты басышты. Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларынын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы расмий ачышты» деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты