Чүйдө жол кырсыгынан эки өспүрүм каза тапты

  • 3 года мурун

Кечээ, 17-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда жол кырсыгы катталып, кырсыктан эки өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. 

Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган. С. Т. аттуу эркек бала жана бир кыз бала каза болгон, үч өспүрүм жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты